Google Family Link

4,1
4,19 млн сын-пикир
100 млн+
жолу жүктөлүп алынды
Мазмун рейтинги
3+
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү

Колдонмо тууралуу

Google Family Link — үй-бүлөңүздүн Интернеттеги коопсуздугун камсыздоого жардам берген ата-эненин көзөмөл колдонмосу. Ар бир үй-бүлөнүн технология менен болгон мамилеси өзгөчө. Андыктан туура тең салмактуулукту тандап, санариптик чөйрөнү туура пайдаланууга жардам беришиңиз үчүн куралдарды иштеп чыктык. Колдонмо аркылуу балаңыз түзмөгүн кантип колдонгонун, кайда жүргөнүн көрүп, купуялык параметрлерин жана башкаларды тескей аласыз.

Family Link менен төмөндөгүлөрдү аткара аласыз:

• Түзмөктү колдонуу убакытын чектөө — Балаңызга эң ылайыктуу түзмөктү колдонуу убакытын табыңыз. Family Link окуу убакыты жана иштебей турган мезгил менен күнүмдүк чектөөлөрдү коюуга жана балаңызга туура тең салмактуулукту табууга жардам берет.
• Балаңыздын колдонмолорун тескеңиз — Балаңызга колдонмолорду пайдаланууда бир аз эркиндик бериңиз. Жеке колдонуу убакытын чектеп, ал эми билим берүүчү же көп пайдаланылган колдонмолор үчүн убакытты чектебеңиз. Колдонмолорду бөгөттөй аласыз.
• Ал Интернетте эмне көрө аларын тескеңиз — Chrome, Play, YouTube жана Издөө сыяктуу Google кызматтарында ата-эненин көзөмөлүн тууралаңыз. Family Link ылайыксыз сайттарды бөгөттөп, жаңы колдонмолорду орнотуу уруксатын талап кылып, колдонмолорго/вебсайттарга уруксаттарды тескеп жана башкаларды аткарууга мүмкүнчүлүк берет.
• Анын аккаунтун коргоңуз — Family Link аркылуу балаңыздын аккаунтун жана маалымат параметрлерин тескей аласыз. Балаңыздын сырсөзүн өзгөртүп/баштапкы абалга келтирип, жеке маалыматын түзөтүп же зарыл болсо, аккаунтун өчүрүүгө жардам бере аласыз.*

*Тиешелүү курактагы балдар аккаунттарын өздөрү тескей алышат.

• Алардын кайда жүргөнүн көрүңүз — Үй-бүлөңүз жолдо жүргөндө алар менен байланышта болуу маанилүү. Балдарыңыз түзмөктөрүн жанында алып жүрсө, Family Link аркылуу алардын кайда жүргөнүн бир картадан көрө аласыз.
• • Билдирмелерди жана эскертүүлөрдү алыңыз — Family Link маанилүү билдирмелерди жөнөтүп, балаңыз белгилүү бир жерге келгенде же кеткенде кабар берип турат. Ошондой эле түзмөктөргө чалып, батарея кубатынынын калган мөөнөтүн көрө аласыз.


Маанилүү маалымат

• Family Link куралдары балаңыздын түзмөгүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн. Шайкеш келген түзмөктөрдү https://families.google/familylink/device-compatibility/ дарегинен караңыз
• Family Link аркылуу Google Play'ден сатып же жүктөп алына турган нерселерди көзөмөлдөй аласыз. Бирок балаңыз сиздин уруксатыңызсыз аларды жаңыртып (кошумча уруксаттар талап кылынган учурда да), Үй-бүлөлүк китепканадагы буга чейин уруксат берилген колдонмолорду орното алат. Мындан тышкары, cатып алууга уруксаттар балаңыз кошумча төлөм системасы аркылуу эмес, Google Play’дин төлөм системасы аркылуу сатып алганда гана колдонулат. Ата-энелер балдардын түзмөктөрүнө орнотулган колдонмолорду жана Family Link'теги колдонмо уруксаттарын такай текшерип турушу керек.
• Балаңыздын көзөмөлдөнгөн түзмөгүндөгү колдонмолорду кылдаттык менен текшерип, орунсуздарын бөгөттөп коюңуз. Эскертүү: Алдын-ала орнотулган колдонмолорду (мисалы, Play, Google) бөгөттөй албай калышыңыз мүмкүн.
• Балаңыздын түзмөгүнүн жайгашкан жерин көрүү үчүн ал күйгүзүлүп, жигердүү болуп мобилдик тармак же WiFi аркылуу Интернетке туташышы керек.
• Family Link ата-эненин көзөмөлү көзөмөлдөнгөн Google аккаунттарында гана жеткиликтүү. Көзөмөлдөнгөн Google аккаунттары менен балдар Издөө, Chrome жана Gmail сыяктуу Google кызматтарына кире алышат. Ал эми ата-энелер аларды көзөмөлдөө үчүн түзмөктү пайдалануу эрежелерин тууралай алышат.
• Family Link балаңыздын Интернетти колдонуусун тескеп, анын онлайн коопсуздугун камсыз кылууга куралдарды бергени менен, Интернетти коопсуз кылбайт. Family Link Интернеттеги материалдарды аныктай албайт. Бирок балаңыздын түзмөктү колдонуу убактысын тескеп, үй-бүлөңүздүн Интернеттеги коопсуздугу үчүн туура жолду аныктоого куралдарды берет.
Качан жаңырды
2025-ж., 30-апр.

Маалыматтардын коопсуздугу

Коопсуздук дегенде колдонмонун маалыматты кантип топтоп, аны үчүнчү тараптар менен кантип бөлүшө турганын түшүнүү керек. Маалыматтардын купуялыгы жана коопсуздугу колдонмоңуздун иштетилишине, жүргөн аймагыңызга жана курагыңызга жараша болот. Маалыматты иштеп чыгуучу берип, маал-маалы менен жаңырып турат.
Үчүнчү тараптар менен маалымат бөлүшүлбөйт
Иштеп чыгуучулар маалыматтардын бөлүшүлүшү жөнүндө кантип кабар берерин билип алыңыз
Бул колдонмо төмөнкүдөй маалыматтарды топтошу мүмкүн
Жеке маалымат, Каржы маалыматы жана дагы 7
Маалымат шифрленип өткөрүлөт
Маалыматтарды өчүрүүнү сурансаңыз болот
Коопсуздукту өз алдынча текшерүү

Баалар жана сын-пикирлер

4,1
4,13 млн сын-пикир
Jomart Diushembekov (DJ)
2021-ж., 15-январь
The best
9 адам бул сын-пикирди пайдалуу деп белгиледи
Бул мазмундун пайдасы тийдиби?

Эмне жаңылык

Жаңы жөнөкөй дизайн жана түзмөктү колдонуу убакыты өтмөгү.